Алга карай салтты сактап умтулуу...

“Кыргызстандагы эл билими” веб-сайты салттуу билимдер боюнча маалыматты камтыган биринчи интернет булагы болуп саналат. Ал салттуу руханий тажрыйбаларды, жаратылышты иштетүү, элдик башкаруу жана укук жөнүндөгү салттуу билимдерди, бала тарбиялоонун салттуу мектебин ж.б. ларды камтыйт. Веб-сайт маалыматты сактоо үчүн гана түзүлгөн эмес, ал салттуу билимдерди активдүү колдонуу: пикир алмашуу, берүү, талкуулоо, изилдөөгө алуу сыяктуу иш-ааракеттерди дагы колдогон мейкиндик болуп саналат.     

«Кыргызстандагы эл билими» веб-сайты тууралуу. Айгине маданий-изилдөө борбору интернет окурмандарынын көңүлүнө Кыргызстандагы 2005-2009-жылдары жыйналган материалдарды тартуулайт. Мунун ичинде камтылган маалыматты биз Кыргызстандын аймагында жашаган элдердин салттык акылмандыгы же эл билими деп тааныйбыз. Толук...  
 
Салттык руханий тажрыйбалар: Бул бөлүктө элдик ыйык билим, руханият, тиешелүү ырым-жырымдарга байланыштуу маалыматтар камтылган. Толук... 
 
 
 
Салттык экологиялык билим: Бул бөлүм жаратылыш менен болгон байланышты чагылдырган маалыматтарды камтыйт. Толук... 
 
  
 
 
Коомдун, үй-бүлөнүн жана чарбанын тузүлүшү жөнүндөгү салттуу билим: Бул бөлүм коомдук түзүлүштү башкаруучу билим, салттык башкаруу системасы жана элдик укук туурасында маалыматтарды камтууга багытталган. Толук... 
 
 
Сүрөт көргөзмө: Бул бөлүмдөн сиздер Айгине ишке кирген мезгилден берки Кыргызстандын ар кайсы булуң-бурчунда тартылган сүрөттөрдүн архиви менен таанышасыздар. Ал сүрөттөр ыйык жерлер, ырым-жырымдар, биз өткөргөн иш-чаралар жөнүндө маалымат берет. Толук...
 
Видео-каталог Кыргызстандагыэлдердин салтына жөнөкөй жана эффективдүү киришүү болуп саналат. Ал Айгиненин жеке өз материалдарын камтыйт. Толук...
 
Түшүндүрмө сөздүк.  Талаа маалыматтарынын жана табылган адабияттардын негизинде Айгиненин мүчөлөрү тарабынан түзүлгөн бул сөздүк кыргыздын руханий маданиятын түшүнүү үчүн маанилүү болгон түшүнүктөрдүн түшүндүрмөсүн берет.  Толук...
 
Каттоо: Биздин авторлордун жана Айгиненин автордук укугун коргоого байланыштуу, бул веб-сайтка кызыккандар алгач каттоодон өтүп, анан андагы маалыматтар менен таанышса болот. Кирүү
 
Издөө: Сиз өзүңүздү кызыктырган маалыматтарды табууну тездетүүнү негизги сөздү көрсөтүү менен издөө опциясы аркылуу ишке ашыра аласыз. Кирүү
 
Менин түзөтүүлөрүм: Каттоого алынган веб-сайт колдонуучу бул жерден зарылдыгына жараша өз маалыматтарын өзгөртсө болот.  Кирүү
 
Бул веб-сайт кимге арналган? 
 
- Өзгөчө коргоого алынган табигый жана тарыхый ыйык жерлерди түзүү боюнча жергиликтүү аймакка негизделген билим берүү чөйрөсүндө салттуу билим жана акылмандык менен иштеген мамлекеттик жана мамлекеттик эмес уюмдарга.
 
- Салттуу билимдерди алып жүрүүчүлөргө: билим жана тажрыйба алмашуу мүмкүнчүлүгү үчүн ыйык жерлердин шайык-кароолчуларына, зыяратчыларга, элдик дарыгерлерге, өсүмдүк жана жаныбар таануучуларга жана башка билермандарга.
 
- Салттуу билимдерди изилдеген студенттер менен изилдөөчүлөргө.
 
- Кыргызстандын жана башка өлкөлөрдүн салттуу билимдер жана аларды алып жүрүүчүлөр жөнүндө билгиси келген бардык тургундарына, дегеле салттык билимдерге кызыккан, аларды чогулткан, салттарга жана алардын өнүгүшүнө кайдыгер болбогон бардык адамдарга. 
 
- Академиялык илим менен салттык билимди бириктирүү, жаратылышка, планетага жана маданий мураска кылдат жана абай мамиле жаратуу жөнүндө ойлогон бардык адамдарга.

 

Айгине маданий-изилдөө борбору.
Бардык укуктар корголгон © 2010

Кыргызстан 720040,
Бишкек шаары ,
Токтогул көчөсү 93

Эл. дарек: office@aigine.kg
Тел.: +996 (312) 664-832
+996 (312) 661-951
Факс: +996 (312) 661-952

Сайт Кристенсен
Фондунун (АКШ)
колдоосунда түзүлгөн